• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БУУнун Башкы катчысы, Франция президент Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизге жаңы милдеттериңизди аткарууда ийгиликтерди каалаймын. Кыргыз Республикасы БУУнун далилденген жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз менен биздин кызматташтык 2020-жылдын ноябрь айында жарыяланган БУУ менен Кыргыз Республикасынын Биргелешкен Билдирүүсүнө ылайык мындан ары да бекемделе берет деген ишеничтемин. Учурда, татаал глобалдык көйгөйлөр болуп турган кезде, БУУнун Уставында белгиленген баалуулуктарды жана идеалдарды мындан ары жайылтууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Сиздин колдооңузга ишенемин.

Буга байланыштуу, Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттаймын.

БУУ тарабынан, анын ичинде Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатиянын регионалдык борбору аркылуу Сизге колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирүүгө уруксат этиңиз», — деп белгиленет БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин куттуктоосунда.

Ошондой эле Франция Республикасынын президенти Эмманюэль Макрон Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Франция Европа Бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жактоочусу болуп саналат. Европа Бирлиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө Макулдашуунун жакында күчүнө кириши Европа Бирлиги жана анын 27 мүчө-өлкөсү климаттын өзгөрүүсү менен күрөштү эске алып Сиздин өлкөнү укуктук мамлекет, демократия менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна жетишүүгө колдоосунун конкреттүү далили болуп кызмат кылат.

Учурдан пайдаланып, биздин саясат, ошондой эле маданий жана экономика жаатындагы эки тараптуу кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө болгон каалоомду дагы бир жолу тастыктайм. Франциянын Борбордук Азия изилдөө институтунун (IFEAC) Бишкекте болушу изилдөө чөйрөсүндөгү байланыштарыбыз менен гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтыгыбызды күчөтүү үчүн уникалдуу артыкчылык болуп эсептелет. Ошону менен бирге, кыргыз тарап түзүп, Франциядан каржылык жардам алган Бишкектеги Француз альянсы сиздердин өлкөдө француз тилин жана француз маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат. Анын ишине кыргыз бийлиги узак мөөнөттүү колдоо көрсөтөөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий