• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУнун башкы катчысы Ошто июнь окуясын эскерүүгө катышат

Саясат 0

Бишкек, 7- июнь /Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Борбордук Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө сапарга барат. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июнда Гутерриш Астанага учуп келип, ошол эле күнү Шанхай кызматташтыгынын саммитине катышат.

9-июнда Антониу Гутерриш Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, Шанхай кызматташтыгынын саммитинин пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

10-июнда Антониу Гутерриш Өзбекстанга барып, Самаркандда президент Шавкат Мирзиёев менен жолугат. Ошол эле күндүн экинчи жарымында Гутерриш Каракалпакстанга барып , Арал аймагынын абалы менен жакындан таанышат. Ал тик учак менен Арал деңизин айланып чыкмакчы.

11-июнда Гутерриштин Бишкекке келери күтүлүүдө. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушкандан кийин, ал 2010-жылдагы июнь окуясын эскерүүгө багытталган иш-чарага катышуу максатында Ошко барат.

12-июнда БУУнун башкы катчысы Тажикстанга, 13-июнда Түркмөнстанга барат. Гутерриш аталган өлкөлөрдүн президенттери менен жолугат. Дүйшөмбү шаарында ал Туруктуу өнүгүүгө арналган конференцияда сөз сүйлөйт. Ал эми Ашхабадда Борбордук Азиядагы терроризм менен күрөшүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышат.

Пикир

Оставить комментарий