• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттикке кимдер аттанат?

Саясат 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында үстүбүздөгү жылы боло турган президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтом кабыл алынды.

Аталган токтомду залдагы депутаттардын 82си колдоого алды.

Токтомдун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды. Андан сырткары, бул документ аркылуу Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

Ошондой эле, Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Андан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине колкабыш кылууга тийиш.

Эске салсак, Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлигин алгачкылардан болуп, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев көрсөткөн. Ошондой эле, талапкер болууга ниеттенгендер - «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана коррупция беренеси менен айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев.

Мындан тышкары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги айтылууда. Бул боюнча чечим “КСДП” партиясынын акыркы съездинде кабыл алынат.

БШК билдиргендей, президенттике талапкер болуш үчүн жарандардан аны колдогон 30 миң кол топтолушу керек. Ошондой эле, Кыргызтесттен мамлекеттик тилди билгендиги тууралуу сертификаты болушу шарт. Мындан тышкары талапкер 15 жылдан кем эмес Кыргызстанда жашашы абзел.

Пикир

Оставить комментарий