• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Швециянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-декабрында Швециянын Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швециянын тышкы иштер министри, ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар Швециянын ЕККУдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташын, ошондой эле аталган уюмдун алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

2022-жылы кыргыз-швед дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери өзүнчө талкууланды.

Министр Р. Казакбаев менен министр А. Линде саясий, экономикалык жана башка өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди активдештирүү зарыл деген пикирге келишти.

Руслан Казакбаев Линдени Швециянын ЕККУдагы төрагалыгын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Өз кезегинде министр А. Линде Кыргызстандын активдүү катышкандыгы жана төрагалыкка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Швециянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы 2022-жылы Кыргызстанга иш-сапары менен келип кетүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий