• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Швейцариянын дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл болду

Саясат 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дорис Лойтхард эки өлкө ортосунда дипломаттык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейине байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында чейрек кылым мурда Швейцария Конфедерациясы Кыргызстан менен дипломаттык мамилелерди түзгөн дүйнөдөгү алгачкы өлкөлөрдөн болгону айтылат.

«25 жыл аралыгында Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын кызматташтыгы бир калыпта бекемделип келатканы, бардык чөйрөлөрдө эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара тыгыз аракеттерди жолго сала алганыбыз кубандырат.

Саясый диалогдун жогорку деӊгээли мындай кызматташтыктын маанилүү элементи болуп калды. Бул диалог Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүшүнүн кайталангыс жолуна Сиздин өлкөнүн көӊүл бурушу аркылуу кеӊейип жана байып жатат. Буга байланыштуу 2015-жылы Сиздин ажайып өлкөңүзгө болгон сапарымды өзгөчө жылуу сезим менен эстейм, анда эки тарап өз ара мамилелерди ишибиз менен андан ары тереӊдетүүнү макулдашкан элек», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын катында.

Президент Алмазбек Атамбаев Президенту Дорис Лойтхардга бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Швейцария элине тынчтык менен бакыбаттыкты каалады.

Өз кезегинде Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дорис Лойтхард куттуктоо телеграммасында Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы жылуу мамилелер жолго коюлганын белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдүн географиялык жана топографиялык шарттары боюнча көп окшоштугу бар, бирок ички руху жагынан жакындыктын мааниси андан бийик. Швейцария Кыргызстандын соӊку 25 жылдагы демократия жолундагы күч-аракеттерин баалайт. Бул эки тараптуу өз ара аракеттерди өнүктүрүүдөн тарта Бреттон-Вуд институттарынын алкагында өнөктөштүк сыяктуу көп чөйрөлөрдөгү тыгыз кызматташтыгыбыздын негизи болуп саналат.

Сиздин жетекчилигиӊиз алдында быйыл өтө турган шайлоолор тынчтык, плюралисттик жана бакыбаттык келечекке негиз түзүү менен биримдикке жана демократияны бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем.

Соңку жыйырма беш жылда көп жетишкендиктер болсо да, Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы кызматташтыктын потенциалы бүтө элек. Мындан ары биздин өз ара тыгыз аракеттерди улантууга үмүттөнөм», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Дорис Лойтхард Президент Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине бардык жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий