• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бузова артта калды! Нурмагомедовдун Instagram баракчасына 16,4 миллион адам катталды

Спорт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмак ченинде чемпио Хабиб Нурмагомедов Россиядагы Instagram колдонуучулар арасында эң белгилүү адам болду.

30 жаштагы мушкер UFC 242 турниринде Дастин Порьени жеңгендиктен кийин анын белгилүүлүгү дагы да артты. Нурмагомедов социалдык тармактагы катталуучулар боюнча россиялык ырчы Ольга Бузованы артта калтырды.

Хабиб Нурмагомедовдун Instagram баракчасына катталгандардын саны 16,4 миллион адам болсо (өзгөрүшү мүмкүн), Бузовага 16,3 миллион катталган.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңгенден кийин да анын баракчасыга катталгандардын саны өскөн. (12,9 миллион). Ал учурда Black Star лейблинин жетекчиси Тиматиден ашып өткөн. (12,9 миллион)

Пикир

Оставить комментарий