• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жаш футболист Ырыскелди Тыныбеков англиялык футбол академиясынын окуучусу болду

Спорт 0

Бишкек, 19.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча өспүрүмдөрдүн курама командасынын (U-16) капитаны жана "Илбирс" клубунун оюнчусу Ырыскелди Тыныбеков футбол боюнча англиялык «Brooke house College» академиясынын текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү. Күздөн баштап аталган академиянын мүчөсү болоорун Футбол федерациясынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, эки тараптын сүйлөшүүлөрү 2 жыл аралыгында болуп келген. Бул жылы сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, жаш футболист Англиянын Маркет-Харборо шаарында окуусун баштайт.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалында Россия менен Хорватиянын командалары беттешээрдин алдында талаага топ алып чыккан өспүрүм Ырыскелди Тыныбеков болчу.


Пикир

Оставить комментарий