• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Бишкекте 11-классты 6,6 миң окуучу жана 9-классты 13,3 миң бала аяктап жатат

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Быйыл Бишкекте 11- классты 6 миң 592 окуучу жана 13, миң 310 бала 9-классты аяктап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой коронавируска байланыштуу өлкөнүн бардык мектептеринде, анын ичинде Бишкектеги мектептерде акыркы коңгуроо онлайн режимде болуп өттү.

"Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатышы менен куттуктайт. Баарыңарга алдыдагы сынактарда ийгилик каалайбыз. Алдыда силер багындыра турган көп бийиктиктер бар. Окугула, иштегиле, бир нерсе жараткыла, өжөрлүү болгула", - деп кайрылат мэрия мектеп бүтүрүүчүлөрүнө.

Мэрия шаар тургундарын санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий