• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Бишкекте жаңы жылдык салют болбойт

Коом 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылы жаңы жылдык салют жана шаарды кооздоо үчүн жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбуктагы баракчасында жазган.

“Мэриянын кызматкерлери жана шаардын мэри Балбак Түлөбаев менен биргеликте жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жана көрүнүктүү жасалгалардын бардыгы колдонулат”, - деп жазган ал.

Анын айтымында, үнөмдөлгөн акчанын бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлерге белек алууга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий