• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Чүй мектеп-интернатынын 36 тарбиялануучусуна акысыз документтер берилди

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Чүй мектеп-интернатынын 16 жашка толгон 36 тарбиялануучусун акысыз негизде документтештирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, мындан тышкары, интернаттын тарбиялануучуларына гигиена каражаттары, ич кийим, таттуулар, буюмдар жана оюнчуктар берилди.

Жалпысынан аталган интернатта 6 жаштан 18 жашка чейинки 188 бала окуйт жана жашайт.

"Ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн Чүйдөгү жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаты “Инфоком” ишканасына бекитилип берилген. Ишкана өз эсебинен жана кызматкерлердин ыктыярдуу жардамдары менен көмөк көрсөтүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий