• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүздө токой чарбанын аймагына 6,8 миң түп тянь-шань карагайынын көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу токой чарбасынын Борду участкасына 6800 түп тянь-шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөттөр министрлик менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында отургузулду.

Демилгелерди ишке ашыруу үчүн тараптар кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Келишимге ылайык, ишкана көчөттөрдү сатып алуу, жеткирүү жана отургузууга 854 миң сом бөлүп, ошондой эле Жети-Өгүз токой чарбасынын эсебине 1,6 млн сом которгон.

Пикир

Оставить комментарий