• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл гемодиализ алгандарга 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү — министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 12.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы өлкө аймагындагы гемодиализ алган жарандарга 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 36 гемодиализ борбору иштейт.

“Анын ичинен үчөө мамлекеттики, 33ү жеке менчик. Бирок алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иштейт. Бул категориядагы жарандарга министрлик жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү. Ушул жылдын тогуз ай ичинде 222 миң 800 сеанс өткөрүлдү”, - дейт ал.

Касымбеков Кыргызстан боюнча 2,5 миңден ашык жаран гемодиализ аларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий