• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Санариптик өнүктүрүү министрлигине 500 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. 2023-жылга Санариптик өнүктүрүү министрлигине санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн алкагында долбоорлорду ишке ашырууга 500 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиген билдиришти.

Маалыматка ылайык, санариптештирүүгө каралган каражаттардын алкагында Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун долбооруна 100 млн сом суммасында каражат каралган.

СӨМ санариптештирүүгө каралган каражаттардын алкагында “Кредитордук карызды жабууга 46,8 млн сом бөлүү жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору демилгеленген. Учурда ал КР президентинин иш башкармалыгында каралып жатат.

Мындан тышкары, СӨМ тарабынан "Тиешелүү мамлекеттик органдарга санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын чегинде 306,0 млн сом бөлүү жөнүндө" (сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен) токтомунун долбоору демилгеленген.

Натыйжада бүгүнкү күндө 500 млн сомдон 452,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү, калдыгы 47,2 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий