• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Ысык-Көлдө 1200 жыгач мамы жаңы темир бетон мамыга алмаштырылат

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 2024-жылы 1200 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филилалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери башталды.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Бардыгы болуп 2024-жылга 323 трансформатордук көмөкчордондорду, 445 чакырым 0,4/10 кВ жана 90,3 чакырым 35/11кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле 58 көмөкчордондун 451 электр жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, Чолпон-Ата, Ой-тал, Ананьево көмөкчордондорунда өчүргүчтөр алмаштырылат.

Мындан тышкары, кошумча 12 трансформатор орнотуу жана 51,4 чакырым эски алюминий зымдарын СИП зымдарына, ошондой эле 1200 даана эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалууда.

Ушул тапта Ысык-Көл облусунун ар бир районунда күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле "Мой свет" тиркемесине билдирүүлөр келет.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий