• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУ менен Малайзиянын CITY университети кызматташуу меморандумуна кол койду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети менен Малайзиянын CITY университетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Малайзиянын CITY университетинин Борбордук Азия боюнча эл аралык маркетинг бөлүмүнүн менеджери Фирузджон Гулов, университеттин Тил борборунун аткаруучу менеджери Монтел Пьер Анри жана университеттин Кыргызстандагы Go Global компаниясынын директору Тахмина Мурзакматова ОшМУда болушту.

Делегация окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугуп билим берүү, илим изилдөө, жогорку окуу жайлар ортосундагы алдыдагы кызматташтыктар тууралуу пикир алышты.

Жолугушуунун алкагында эки университеттин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Меморандумга ылайык мындан ары кызматташуу келишимдерин ишке ашыруу жаатында изилдөө иштери алып барылат.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында филология, лингвистика, медицина, IT, бизнес жаатында студенттердин жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү, мындан тышкары ОшМУнун студенттерин, магистранттарын жана PhD докторанттарын Малайзияга окууга жөнөтүү, кош дипломдуулук программасы, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү идеялары айтылды.

Жыйынтыгында бул жолугушуу өлкөлөр ортосундагы жогорку билим берүү, илим жана инновация тармагындагы мамилелерди үзгүлтүксүз өнүктүрүүгө дагы бир маанилүү түрткү болоору белгиленди. Күндүн экинчи бөлүгүндө делегация өкүлдөрү окуу жайдын студенттери менен жолугуп, Малазиянын CITY университети тууралуу маалымат беришти.

Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын кызматташытыгын бекемдеген жолугушуу Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөевдин демилгеси менен уюштурулган.

Малайзиянын CITY университети Малазиянын борбору Куала Лумпур шаарында жайгашкан 40 жылдык тарыхы бар окуу жай.

Пикир

Оставить комментарий