• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“CASA-1000” долбоору Кыргызстанга жыл сайын 50 млн доллар алып келет- Калиев

Экономика 0

Бишкек, 7-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Дүйшөмбү шаарында өткөнCASA-1000” долбоорунун катышуучулары бир добуштан аталган долбоорду ишке ашырууну эртелетүү керек деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдингдин” төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, “CASA-1000” долбоору боюнча өткөн саммит дүйнөлүк коомчулука төрт мамлекет бирдей долбоорду тез арада ишке киргизүүгө даяр.

“Бүгүнкү күнү бардык катышуучулар тиешелүү документтерди даярдап, тендерге байланышкан иш чараларды өткөрүштү. Бул жол жоболор көп убакытты талап кылат. Жакынкы аралыкта ар бир мамлекет өзүнүн аймагында тендерден утуп чыккан компаниянын атын аташат. Бул өз кезегинде 2018-жылыCASA-1000” долбоорун ишке киргизүүгө түрткү болот. Бирок бул процесске Афганистан 2017-жылы киришет, себеби долбоордун планы боюнча ал өтө чоң аймакты ээлейт”,-деди Калиев.

Айбек Калиевдин берген маалыматына ылайыкCASA-1000” долбоору 1 млрд долларга бааланууда. Кыргызстан менен Тажикстанга жалпы суммадан 200-250 млн доллар талап кылынат.

“Ар бир мамлекетке керектелүүчү так сумманы айтыш кыйын. Себеби ал өтө кылдат эсептөөгө муктаж жана дүйнөлүк базардагы бааны анализдөө талап кылынат. Бирок “CASA-1000” долбоору ишке киргенден кийин ар жылы экспорттолгон электрэнергия үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар каражат түшөт”,-дейт энергохолдингдин төрагасы.

“CASA-1000” долбоору расмий түрдө 2016-жылдын 12-майында иштелип чыккан. Анын негизги максаты Борбордук Азиядан электр энергиясын экспорттоо жолу менен Түштүк Азиядагы электрэнергияга болгон каатчылыкты жоюу болуп саналат. Ошондой эле, Кыргызстан жана Тажисктандын энерго системасын Афганистан менен Пакистанга кошо турган электр энергиясын өткөрүүчү жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорду куруу пландалган.

Аталган долбоорду ишке ашырууна “Дүйнөлүк Банк”, “Ислам өнүктүрүү банкы”, АКШнын мамлекеттик департаменти, Улуу Британиянын эл аралык байланыш министрлиги жана башка бир катар мекемелер колдоого алган.

Пикир

Оставить комментарий