• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу – Карабаева

Экономика 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк акча-кредиттик саясатынын алкагында валюта рыногундагы жагдайга туруктуу көзөмөл жүргүзүп турат.

“Айдын ичинде суроо-талаптын жогору болгонуна байланыштуу 55,2млн доллар сатуу боюнча интервенция жасалган. Улуттук банк акча-кредит саясатынын алкагында улуттук валютанын кескин түрдө серпилүүсүнө жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө даяр”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий