• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облустук милициясында "Офицердин жубайы" медалдарын тапшыруу салтанаты болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Чүй облустук милициясында "Офицердин жубайы" медалдары милиция кызматкерлеринин жубайларына тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу С.Асаналиев, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, Чүй ОИИБнын жана ИИБнин азыркы кызматкерлери жана алардын жубайлары катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Асаналиев Равила Малаева, Жылдыз Байсакалова, Клара Түлкүбаева, Салтанат Сайиндиева, Наргиза Табалдиева, Виалета Ибрагимова, Наргиза Жумабкова, Тинатин Айдаркановаларга медалдарды тапшырды. Ошондой эле ал кызматкерлердин жубайларын өтүп кеткен “Энелер күнү” менен куттуктап, аларга аялдык жана үй-бүлөлүк бакыт, жылуулук жана бейпилдик, күндөн-күнгө кубанычтуу көз ирмемдерди жана сонун маанайды каалап кетти.

Ошондой эле аларга жолдошторуна жана балдарына көрсөткөн сүйүүсү, түшүнүгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий