• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусу боюнча 118 кыска номерине 1 миңден ашык кайрылуу түштү - Волкова

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Чүй облусу боюнча коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кыска номерине 1 миңден ашык кайрылуу түштү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова брифингде билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 боюнча 683 кайрылуу түшкөн.

Эскерте кетсек, 118 кыска номери эртең мененки саат 08:00дөн 19:00гө чейин эгер жаран акыркы 30 күндө чет жактан келген болсо, эпидемиологиялык абал курч болгон аймакка барган болсо, обсервацияда болгон болсо, оорунун белгилери байкалса кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий