• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүйдө жалпы республикалык тестирлөөнү 5 миңден ашык бүтүрүүчү тапшырууда

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда жалпы республикалык тестирлөөнү 5 миң 755 бүтүрүүчү тапшырууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында 5 миң 854 бала мектепти аяктады. "ЖРТни тапшырууда бардык санитардык талаптар сакталууда. Тест өтө турган мектептер алдын ала дезинфекцияланган. Бүтүрүүчүлөр арасында аралык сакталууда", - дейт ал.

Волкова кошумчалагандай, Чүйдө мектепке чейинки 15 билим берүү мекемеси иштөөдө. Ал жер өзгөчө көзөмөлдө.

Пикир

Оставить комментарий