• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда 2023-жылы 55 социалдык объект пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Чүй облусунда 2023-жылы 55 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, ал эми учурда жалпысынан 73 обьектте курулуш иштери жүрүп жатат. 11 объект активдүү курулуш процессинде болсо, 7 объект аяктоо стадиясында турат.

Курулуш жүрүп жаткан 73 объекттин 17си республикалык бюджеттен, 12си жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 44 объект кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Тактап айтсак, алар - 15 мектеп имараты, 7 бала бакча, 21 спорт объекти, 7 фельдшердик-акушердик пункт, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, 5 социалдык шаарча, 2 реабилитациялык борбор жана 10 суу түтүгү жана суу мунаралары.

Пикир

Оставить комментарий