• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда кароолчунун үйү толугу менен күйүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Учитель” дачасында кароолчунун үйү толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы Х.Юсуров аттуу жаран башынан күйүк алган.

ӨКМдин маалыматы боюнча, “101” кызматына болжол менен саат 22:43 чамасында билдирүү келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн бир куткаруу кызматы тартылган. Өрт саат 00:44 чамасында толугу менен өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий