• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Чүй облусунунун ички иштер органдары тарабынан алдын алуу жумуштары тынымсыз өткөрүлүп келүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук ИИББнин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Ново-Павловка айылынын милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Сокулук районунун аймагындагы Ново-Павловка, Военно-Антоновка айылдары, ошондой эле Ак-Ордо жаңы конуштарында алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Анда уурулук кылмыштардын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында иштерди алып барышууда.

Милициянын кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан көчөмө-көчө кыдыруу, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте каттоодо турган жарандарды текшерүү иштери жүзөгө ашырылууда.

Рейд учурунда кызматкерлер жергиликтүү жашоочуларга кылмыштуулукту алдын алуунун эрежелерин айтып, алдын алуу чараларын көрүү мыйзам бузуу жана кылмыштуулукка бөгөт коюуга өбөлгө болорун эскертишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий