• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаа 5 жаштагы баланы өлтүрө коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы өлтүрө коюп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Озерное айылындагы Фрунзе көчөсүндө болгон.

“Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу - 38 жаштагы жергиликтүү жашоочу көчө менен бара жаткан. Күтүүсүз жерден жолго 5 жаштагы бала чуркап чыккан, айдоочу унааны токтотууга жетишпей калып, баланы коюп кеткен. Наристе жеринде көз жумган”, - деп билдиришти ведомстводон.

Милициядан азырынча кырсык кокустук катары каралып, бирок иликтөө жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Айдоочу каза болгон бала менен жердеш болгондуктан, дароо токтоп, окуяны мойнуна алган.

Учурда унаа айып токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий