• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Чүй облусу боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-август күнү облус боюнча 15 миң чарчы метр имараттын сырты жана 13 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 35 кг хлор жана 20 суюк хлор колдонулган. Бул иш-чарага тогуз куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий