• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 25-февралда саат 11:51де катталган.

Жердин силкинүүсү Сокулук районунун Кировское, Асылбаш, Шалта жана Москва районунун Садовое, Беловодск айылдарында 3 баллга чейин, Сокулук районунун Шопоков шаарында жана Москва районунун Петровка айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий