• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Субару» автоунаасынын мас айдоочусу банктын имаратын сүзүп алды

Кырсык 0


Бишкек, 28.04.20 /Кабар/. Бишкекте 27-апрель түнү «Субару» автоунаасы коммерциялык банктын имаратын сүзүп алган.

Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 27-апрелде түнкү саат 22:30дар чамасында «Субару» автоунаасынын 1988-жылкы мас айдоочусу Безымянный көчөсү аркылуу чыгыш багытында бара жаткан. Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде рулга ээ боло албай калып, коммерциялык банктардын биринин имаратын сүзүп алган.

Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата протокол толтурулган. Ошондой эле айдоочу коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий