• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө облустук коллегия отуруму өтүп, эки маселе каралды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22./Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин төрагалыгы астында райондук мамлекеттик администрация башчыларынын – акимдердин, Токмок шаарынын мэринин, облустук, райондук түзүмдүк башкармалыктардын башчыларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда облустук коллегия отуруму болуп өттү.

Отурумда эки маселе каралды:
1. Чүй облусунун 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүүсү;

2. 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, райондук мамлекеттик администрацияларда, Токмок шаарынын мэриясында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында расмий иш кагаздар жана жарандардын кайрылууларын кароодо аткаруучулук тартибинин абалы.

Коллегиялык отурумдун чечими менен облус жетекчилиги тарабынан бюджеттин планын аткаруу, ККМ, электроэнергиясы, айыл-чарба, көмүр менен камсыз кылуу, ирригация тармагы, медицина, калкты социалдык коргоо жана башка тармактар боюнча бир катар талаптар коюлуп, тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, жарандардын кайрылуулары жана расмий келип түшкөн иш-кагаздарын аткаруучулук тартиби мындан ары да катуу көзөмөлгө алынып, иштиктүү мамиле кылуу менен бирге, берилген тапшырмалар толук, так жана сапаттуу аткарылышы талап кылынды.

Пикир

Оставить комментарий