• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө окуучу кыз мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Чүйдүн Жайыл райондук милициясы дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Зумрад Алиеваны издөөдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда саат 07:35те Алиеваны ата-энеси мектепке жеткирген, бирок ал сабакка кирбестен жоголгон.

Белгилери: бою 165-170 см, көзү күрөң, чачы кара жана кыска, орто дене түзүлүштө, мурундун оң тарабында пирсинг бар, оң кулагында дагы пирсинг үчүн үч тешик бар.

Кийими: ак түстөгү толстовка, кара түстөгү шым, кара-көк түстөгү узун кышкы куртка, баш кийими, сумка жана бут кийими кара өңдө болгон.

“Кимде-ким Зумрад Алиеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо 0(312) 22-15-58, 0(701) 02-23-59 номерлерине кайрулууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий