• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө өткөн күнү үй менен сарай өрттөнүп, эки адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдүн Кемин шаарынын Логвиненко көчөсүндө турак үйдүн 60 чарчы метр чай ичүүчү бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 71 жаштагы К.В. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Ал эми Панфилов районунун Киров айылында сарайда өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 60 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.

Пикир

Оставить комментарий