• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чөнтөкчүдөн кантип коргонуу керек? Милициянын жети кеңеши

Коом 0


Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы чөнтөкчүлөр менен уурулардан коргоо үчүн бир нече кеңештерди сунуштайт.

Ага ылайык, төмөнкү кеңештер берилет:

1. Жол кире акчаңызды алдын ала даярдаңыз:

Капчыгыңызга чөнтөкчүнүн көңүлүн бурбоо үчүн жол кире үчүн акчаны алдын ала даярдаңыз. Мындай аракетти унаа ичинде же аялдамада туруп жасабаңыз;

2. Акчаңыздын баарын бир жерге алып жүрбөңүз:

Жаныңызда чоң суммадагы акчаңыз болсо, аны ар кайсы жерге бөлүштүрүңүз. Сиз аны сыдырма менен жабылган чөнтөккө салсаңыз болот. Эң жакшысы таксиге отуруу;

3. Капчыгыңыз кийимиңизден көрүнбөй турганын алдын ал текшериңиз:

Үйдөн чыгардан мурда капчыгыңызды өтө тар же ачык кийимдердин астында көрүнүп турганын текшериңиз. Эгерде андай болсо, аны сыдырма менен жабылган баштыктын түбүнө коопсуз жерге жылдырыңыз;

4. Транспортко кирүү алдында сумкаңыз жакшы жабылганын текшериңиз:

Сумкаңыз же чөнтөгүңүз сыдырма менен жабылганын текшериңиз. Транспортто сумканы алдыңызда кармап жүргөнүңүз туура, аны ийиндериңизде же артыңызда эркин илип койбоңуз;

5. Капчыгыңызды же телефонуңузду арткы чөнтөгүңүзгө салбаңыз:

Алдамчылардын арасында, жынсы шымдын арткы чөнтөгү “бирөөнүн чөнтөгү” – деп аталат. Шымдын арткы чөнтөгүнө жайгашкан капчык же телефон оңой эле чөнтөкчүнүн олжосуна айланат. Анткени, жол кыймылында же транспортто кыйналганда сиз эч нерсени сезбей байкабай калышыңыз мүмкүн;

6. Капчыгыңызды же телефонуңузду кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салыңыз:

Бул чөнтөк сыдырма же башка бекиткич менен бекитилсе, бул абдан жакшы. Көкүрөк капчыктарын да колдонсо болот.

7. Дароо милицияга кайрылыңыз:

Уурулукту ачуунун ийгилиги сиздин, ички иштер органдарына канчалык тез кайрылууңуздан көз каранды. Арыз кылмыш жасалган жерде аймактуулугу боюнча жазылып берилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий