• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чалдоварда 4 өспүрүм кырсыкка учурап, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Чалдоварда төрт өспүрүм жол кырсыгына учурады. Натыйжада бир жүргүнчү каза болду. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 21-июлда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 84-чакырымында “Субару Ланкастер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Айдоочу жана ичиндеги үч жүргүнчү өспүрүмдөр болгон. Унаанын алдында олтурган бир жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. Калган үч жүргүнчү жеңил жаракат алышкан.

“Маркумдун ата-энеси дооматыбыз жок деп арыз жазышты”, -деп айтылат маалыматта.

Милициядан өспүрүмдөр спирттик ичимдигин колдонушпагандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий