• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта айдоочу жолду туура эмес жерден кесип өткөн адамды сүзүп кетти – видео

Кырсык 0


Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Сокулук айылында айдоочу жолду туура эмес жерден кесип өткөн адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 28-февралда саат 6.30дар чамасында болгон.

«22-24 жаштагы жөө жүргүнчү жолду туура эмес жерден кесип өтүп жатканда Toyota RAV-4 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден кетпей инспекторлорду күтүп турган. Жабыркаган жигит ооркунага жеткирилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий