• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда жергиликтүү бийлик 43 студенттин ЖОЖдо билим алуусун каржылоодо

Аймак 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Чаткалда жергиликтүү бийлик 43 студентти медициналык жогорку окуу жайда билим алуусун каржылап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда маалымдалды.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы райондун аймагында кен казып иштеткен компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алыскы, шарты катаал аймактагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн жоюу максатында үч тараптуу келишим түзүлүп, студенттердин билим алуусу каржыланууда.

Аталган студенттердин келишимдик акылары жылына орточо эсеп менен 1,5 млн сомго жакын каражатты түзөт. Демилге 2014-жылы башталып, азыркы учурда 23 студент ординатурада окуусун улантып жатса, 6 студент окуусун аяктап райондук Жалпы дарыгердик практика борборунда эмгектене баштаган.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев башка аймактарда да дарыгерлердин жетишсиздик маселесин чечүү үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилерин натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

Белгиленгендей, ушул жылдын 1-июлуна карата облус боюнча 217 дарыгер жетишсиз экени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий