• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кичинекей балдар чогулткан каражаттарын Баткендеги жабыркагандарга жиберүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыр тарткандар үчүн өлкөнүн аймактарынан кичинекей жаш балдар чогулткан акчасын жиберишүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аты-жөнү белгисиз болгон эки баланын топтогон 3 миң 215 сом каражаты өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулду.

“Балдардын жардамын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча комиссиясы кабыл алды. Баткен эли жана өкүлчүлүк балдарга терең ыраазычылык билдирүү менен аларга бактылуу балалык жана кең келечек каалайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий