• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арада аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан эт азыктары, чаң соргуч, балдардын оюнчугу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айдаркен бөлүмүнүн чек ара кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан эт азыктарын, чаң соргуч, балдардын оюнчугун кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү 22 жаштагы Т.Н. аттуу КР жараны көзөмөл өткөрмө жайынан тышкары 120 кутудагы эт азыгын Өзбекстанга алып өтүп бара жатып кармалган.

Ал эми 18-августта 28 жаштагы С.Б.у. аттуу КР жараны "Hyundai-Porter" унаасында чек арадан 20 чаң соргуч жана 3 кутуда балдар оюнчугун алып өтүп бара жатып, кармалган.

Кармалган жүктөрдүн баасы 317 миң сомду түзгөн. Жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин алар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий