• 88.68
  • 95
  • 0.95

Майлуу-Сууда ички иштер органдарынын ардагери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаардык милициясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Заирбек Масиров ИИМдин “Ардак” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.

Медалды Жалал-Абад облустук милициясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков тапшырып, 60 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Сыйлоо учурунда Заирбек Масировдун кыргыз милициясынын өнүгүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоодо, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымдары чоң экендиги айтылды. Ардагерлердин акыл-насааты, үйрөткөн тажрыйбалары өзгөчө мааниге ээ болуп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө оң натыйжасын берип келери белгиленди.

Майлуу-Суу шаардык милициясынын башчысы Талантбек Сабырканов ички иштер органдарынын ардагери Заирбек Масировду куттуктап, өздүк курамдын атынан баалуу белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий