• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык боксчу Эркин Адылбек уулу эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Спорт 0


Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эркин Адылбек уулу Венгриядагы бокс боюнча Bocskai Istvàn Memorial эл аралык мелдеште алтын медалга татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришти.

Эркин Адылбек уулу 86 кг салмакта күчүн сынап, финалда бельгиялык Легенас Идристи жеңип алган.

Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 кг салмакта катышып, күмүш медаль багындырды.

Эл аралык мелдеш 6-12-февралда Венгриянын Дебрецен шаарында өтүп, ага Кыргызстандан 10 спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий