• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футзал: Кыргызстандын курамасы Түркмөнстанды 3:2 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин тандоо турунда Түркмөнстандын командасын утуп алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш Ирандын Урмия шаарында өттү.

Машыктыруучу Амиржан Муканов баштаган кыргыз футболчулары каршылашын 3:2 эсебинде артта калтырды. Кыргызстандык оюнчу Арстанбек Турсунов оюнда эки гол, Юлдаш Салимбаев бир гол жаратып, улуттук курамга жеңиш алып келди.

Бүгүн улуттук курам Бишкек убактысы менен саат 20:30да Ирандын командасы менен оюн өткөрөт.

Эскерте кетсек, жалпы беттешке 7 команда катышууда. Алар А жана В тайпаларына бөлүштүрүлгөн:

А тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Непал, Афганистан.

В тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан.

Пикир

Оставить комментарий