• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арада өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган кыргыз жараны кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Кечээ, 13-январь күнү "Чоң-Капка-унаа жолу" көзөмөл өткөрмө жайында өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын 28 жаштагы С.М. аттуу жараны өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынгандыктан өзүнүн тууганынын паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран андан аркы териштирүүлөр үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий