• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта жалпы 35 адамдан коронавирус аныкталды − Мураталиев

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда жалпы 35 адамдан коронавирус аныкталды Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Таласта ушул күнгө чейин коронавирусту аныктай турган 10 миң 790 анализ алынган. Анын 10 миң 633үнүн жыйынтыгы чыкты.

"Ага ылайык, 35 жаранда коронавирус аныкталды. Ошондой эле 17 миң 110 эксперсс-тест жүргүзүлдү. Жалпы 34 адам обсервацияда болууда", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Алардын ичинен 629у медицина кызматкери. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий