• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадагы чыр: Тажикстан менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү мүнөздө жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөр эртең мененки саат 10дон бери уланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, сүйлөшүүлөр конструктивдүү мүнөздө жана түшүнүү менен жүрүүдө.

“Эки тарап тең маселенин оң чечилүүсүнө кызыкдар”, - деп айтты ал.

Мадумаров билдиргендей, жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жениш Разаков, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, КРнын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков, Баткен районунун акими, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы жана өзү катышууда.

Жолугушуу Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон айылынын чек арасында өтүп жатат.

Эскерте кетсек, 9нан 10-ноябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Жашоочулар бири-бирине таш ыргытышып, тажик тараптан ок атуулар башталган. Бүгүнкү күндө чек арада абал туруктуу. Бийлик абалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий