• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр: Баткенде өрттөнгөн турак жайлардын тизмеси

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун эки районунда өрттөнгөн турак жайлардын тизмесин жарыялады.

Өрттөнгөн турак жайлар:

Кулунду айылында – 2 турак үй;
Максат айылында – 10 турак үй;
Жалпы 12 турак үй.

Социалдык объекттер:
1 мектеп.

Баткен району боюнча:
- 9 турак үй;
- 10 май куйуучу жай;
- 2 ресторан;
- 8 магазин;
- 1 казино;
- 1 чек ара заставасы.

Ак-Сай айылында:
1 өрт куткаруу бөлүгү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эвакуациялоого 10дон ашык техника жана 150дөн ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочулары тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий