• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр: дагы үч кыргызстандык жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Түнкү саат 02:00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына үч жабырлануучу тез жардам кызматы менен жеткирилген. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.

Диагнозу: экөөнүн денесинин ар кайсы жеринен майдаланган жарааттар, бирөө октон жаракат алган. Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда жана алар тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпысынан жети жабырлануучу жаткырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

"Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий