• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы жаңжал. Бишкектеги карылар үйүнүн жашоочулары жана кызматкерлери жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/.Бишкектеги карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынган карылар четте калышкан жок, алар дагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жапа чеккен мекендештерге гуманитардык жардам чогултушту.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, карылар үйүнүн кызматерлери бир күндүк эмгек акыларын которуп, пенсионерлер акча чогултушту. Мындан тышкары, алар жылуу кийимдерди, матрацтарды, тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын чогултушту.

Алар Баткен облусунун эли менен биргеликте экенин айтып, колунан келген жардамдарын көрсөтүүгө даяр болгондорун белгилешти. Курман болгондорго терең кайгырып, жакындарына көңүл айтышты.

Пикир

Оставить комментарий