• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадан малдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери 2021-жылдын 1-февралында мамлекеттик чек арадан бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган бодо мал жана жылкынын жалпы баасы 570 миң сомду түзөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Моңол жергесинде чек арачылар кызмат өтөө учурунда Өзбекстандын аймагына беш баш бодо малды өткөрүү пунктунан сырткары жерден алып өтүп бара жаткан 1971-жылы туулган А.К. аттуу кыргыз жаранын кармашкан.

Ушул эле күнү чек арачылар күлүк аттарды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүп бара жаткан дагы бир Кыргызстандын 1969-жылы туулган П.Ж. аттуу жаранын колго түшүргөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мындан ары иликтөө үчүн кармалгандар орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2020-жылдын 1-январынан 21-декабрына чейин КР МЧКнын аскер кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз мал айдап бара жаткан 11 факты аныкталган, анын жыйынтыгында 160 баш бодо, жандык мал жана жылкы кармалган.

Азыркы учурда КР өкмөтүнүн №569 токтому менен малды Кыргызстандан ЕЭБдин аймагынан башка аймакка экспорттоого тыюу салынган.

Аталган маселе боюнча чек арага жакын жашаган жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий