• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек араларда террорчулар менен күрөшүү үчүн кошумча тосмолор коюлду - МЧК

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. КРнын мамлекеттик чек араларында террорчулар менен күрөшүүдө кошумча тосмолор коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн Афганистан өзгөчө коркунуч жаратат.

Акыркы учурда Борбордук Азиядагы Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чек араларынын жанында “Талибан”, “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмдардын чоң күчтөрү чогулган. Акыркы маалыматтарга караганда, 10 миңден ашык согушкер бар, алар Кыргызстанга жеңил эле жакындап келиши мүмкүн.

“Эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүнүн биздин мамлекеттин аймагына жакындап келишин алдын ала эскертүү максатында чек ара-издөө топтору алыскы жерлерге жиберилүүдө. Ошондой эле кошумча убактылуу тосмолор коюлду”, - деди Шаршеев.

Биринчи жарым жылдыкта согуштук аракеттердин аймагынын зонасына тийиштиги бар 12 адам кармалган.

Пикир

Оставить комментарий