• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков ЮНЕСКО «Көк-бөрүнү» тизмесине киргизгени кыргызстандыктар үчүн жеңиш экенин белгиледи

Президент 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, патронатын берип, «Көк-бөрү» оюнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиеваны кабыл алган учурда билдирди.

2017-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун «Көк-бөрү» боюнча кабыл алган чечими ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, өлкөнүн эксперттери менен биргеликтеги 4 жылдык ишмердигинин натыйжасы болду.

Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын катчылыгына аткарган жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Көк-бөрү» оюнун Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү — бул чоң иш. Анткени бул оюнду өз атынан каттаткысы келген башка өлкөлөр да болгон», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий