• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

А.Атамбаев Египеттеги кош жардырууга байланыштуу Президент Абдель Фаттах Аль-Сисиге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге Танта жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө болгон теракттын кесепетинен улам көп сандаган курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Египет Араб Республикасынын Танта жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө болгон терактын кесепетинен улам көп сандаган курмандыктар тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул кыянат зомбулукка каршы дүйнө коомчулугунун күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанисин баса белгилейт.

Кыргызстан элинин жана өз атыман курман болгондордун туугандары менен жакындарына колдоо жана бардык жабыр тарткандардын тез арада сакаюусун каалоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий