• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 01.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Аравия Королдугу) директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурдагы биргелешкен долбоорлор жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Сауд Аравиясы менен кызматташуунун бардык багыттарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө артыкчылык берерин, Сауд өнүктүрүү фонду өлкөнүн стратегиялык каржы өнөктөшү катары караларын белгиледи.

Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө билим берүү, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорт жана инфраструктура тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу менен колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Фонддун жетекчисине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн каржылоого каражат бөлүү чечими кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул ички миграцияны азайтуу максатында өлкөнүн бардык региондорунда үйлөрдү куруп баштоого мүмкүндүк берет.

Президент Сауд өнүктүрүү фонду менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Султан Аль-Маршад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Сауд Аравиясынын Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун саламын жеткирди.

Ал бүгүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бир мектептин ачылышына катышканын, ошондой эле бүгүн Бишкек шаарындагы балдар үчүн медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу пландалып жатканын билдирди.

Султан Аль-Маршад белгилегендей, акыркы жылдары Фонд Кыргызстанда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырды.

Өлкөнүн министрлер кабинети менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгилеп, ал кыргыз тараптын биргелешкен долбоорлор боюнча бардык сунуштары сөзсүз караларын билдирди.

Президент Садыр Жапаров буга чейин келген Сауд Ааравиясынын Королунун Көз карандысыздык күнү менен куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ага өз саламын жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий